
Баткенде мектеп окуучуларына тегерек стол өткөрүлдү.
Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Баткен районунун Самаркандек айылындагы К.Тагаев атындагы орто мектептин окуучуларына жергиликтүү милициянын демилгеси менен тегерек стол уюштурулду.
"Зордук-зомбулукка каршыбыз" аталышындагы тегерек столго милиция кызматкерлери, мектеп окуучулары, соцпедагогдор катышып, талкуулар болду. Милиция кызматкерлери катышуучуларга кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында бир топ түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, милиция кызматкерлери тарабынан даярдалган тарбиялык мааниси терең видео тасма коюлуп берилди.
2022-жыл башынан бери бул аймакта балдарга карата, балдар тарабынан жасалган зордук-зомбулук катталган эмес.