Жалал-Абад облустук филармониясына жаңы көркөм жетекчи дайындалды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кол койгон буйрукка ылайык Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын көркөм жетекчиси болуп Курманбек Ниязбеков дайындалды. Бул боюнча маалымат филармониянын социалдык баракчасына жарыяланды.

Курманбек Ниязбеков буга чейин Бишкек шаардык драма театрында актёр, "Маданият-Тарых-Тил", "Манас жаңырыгы", "Санат", "Пирамида", 7-канал, "Баластан" телеканалдарында актёр-алып баруучу, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окутуучу, А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрында көркөм жетекчи, Кыргыз улуттук "Манас" театрында режиссёр-коюучу кызматтарында иштеп келген.

Бүгүн, 5-декабрда эмгек жамаатына тааныштырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД