Москва шаарында "Кыргыз айымы" аялдар форуму болуп өттү

4-декабрда "Бир адам – бир китеп" долбоорунун Москва шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган "Кыргыз айымы" аялдар форуму болуп өттү.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, иш-чарага элчиликтин өкүлдөрү дагы катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар заманбап миграциялык процесстердин актуалдуу маселелерине, кыргыз аялдарынын жашоосунун руханий жана маданий аспектилерине, ошондой эле алардын заманбап коомдогу социалдык ролуна токтолушту.

"Бир адам – бир китеп" долбоорунун Москвадагы өкүлчүлүгү 2022-жылдын январында ачылган жана ошондон бери Россияда өз ишмердүүлүгүн активдүү өнүктүрүүдө.

Долбоордун максаты - мекендештердин билим деңгээлин, сабаттуулугун жогорулатуу, руханий жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүү үчүн китеп окуунун мааниси тууралуу идеяларды жайылтуу болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД