КМШ өлкөлөрүнүн жаза өтөө мекемелеринин жетекчилеринин конференциясы болду

ЖАКнын жетекчилиги КМШнын 7 өлкөсүнүн жаза өтөө мекемелеринин жетекчилеринин конференциясына катышты. Бул тууралуу Жазаларды аткару кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев жана ЖАКнын бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу жетекчилери Шериктештикке мүчө мамлекеттердин Көз карандысыз мамлекеттердин жаза аткаруу кызматынын жетекчилеринин VII кеңешинин отурумуна катышты.

Минск шаарында КМШнын Аткаруу комитети тарабынан координацияланган видеоконференцияга биздин республикадан тышкары дагы алты өлкөнүн: Россиянын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жаза аткаруу мекемелеринин, ошондой эле КМШнын антитеррористик кызматынын жооптуу кызматкерлери катышты.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө эң курч маселелер талкууланды: өнөктөштөр арасында пенитенциардык чөйрөдөгү абал боюнча маалымат алмашуу; камакта кармоо жайларында терроризм жана экстремизм идеяларынын жайылышына каршы туруу боюнча.

Кесиптик кадрларды даярдоо жана Кеңештин эксперттик жумушчу тобунун иши жөнүндө ж.б.

Генерал-майор А.Эгембердиев кесиптештерине кайрылуусунда Кеңештин актуалдуу маселелерди кароо үчүн талкуу аянтчасы катары өзгөчөлүгүн белгиледи.

- Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында негизги басым жалпы адамзаттык баалуулуктардын артыкчылыктуулугуна, соттолгондордун татыктуу мамилеге, жеке коопсуздугуна, ден соолугун коргоого жана квалификациялуу медициналык жардам алууга, билим алууга жана социалдык коргоодо - дейт Аскат Раимжанович. Бул принциптер ЖАК тарабынан иш жүзүндө кандайча ишке ашырылып жатканын айтып берди.

Ал ошондой эле башка маселелерге токтолду:

- Жетишилген натыйжаларга карабастан, көпчүлүк мекемелердин, анын ичинде жатаканаларынын инфраструктурасынын абалы, инженердик-техникалык коргоо, көзөмөлдөө жана контролдоо каражаттары эскиргендигин жана белгиленген талаптарга жооп бербестигин белгилей кетүү керек. Объектилердин негизги бөлүгү мындан 60-70 жыл мурун тургузулуп, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Буга байланыштуу өлкө жетекчилиги үч СИЗОну Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын сыртына көчүрүү чечимин кабыл алды. Эл жыш жайгашкан аймактардан тышкары заманбап эл аралык стандарттарга жооп бере турган жаңы мекемелерди куруу менен бирге бул коомдук коопсуздукту камсыз кылат - дейт башкармалыктын начальниги.

ЖАКнын төрагасы Чүй облусундагы мекемелеринин биринде өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кармоочу атайын комплекстин 2-режимдик имаратынын курулушу аяктап жатканын билдирди.

No31 - медициналык түзөтүү мекемесинин базасында заманбап жабдуулар менен жабдылган жана квалификациялуу медициналык кызматкерлер менен толукталуучу борборлоштурулган оорукана кандайча курулуп жаткандыгы тууралуу айтып берди.

ЖАКнын Борбордук аппаратынын түзүмүндө өз алдынча бөлүм түзүлүп жаткандыгына токтолду.

- Психологиялык кызмат. Бул өтө маанилүү жана келечектүү багыт, ал соттолгондорго да, кызматкерлерге да жардам берүүгө багытталган.

Конференциянын жыйынтыгында СРПСте төрагалык функциялар жакынкы үч жылга Беларустан Казакстанга өткөрүлүп берилди.

Ал эми Кеңештин кезектеги VIII отурумун 2023-жылы Өзбекстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД