Бишкекте Аялдар киносунун жумалыгы башталды. Кирүү акысыз

5-декабрдан тарта Улуттук тарых музейинде аялдар киносунун жумалыгы башталды. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Кино жумалыгы гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүктүн бир бөлүгү болуп саналат. Иш-чара Кыргызстандын аялдар кинематографиясын жана кино коомчулугун өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган. Акысыз көрсөтүүлөр 8-декабрга чейин күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлөт. Киного музейдин чыгыш тарабынан кирүүгө мүмкүн.

Аялдар киносунун жумалыгы – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Европа биримдиги - БУУнун "Көңүл бурчу" демилгеси жана Азиянын чыгармачыл аялдар коомунун кызматташуусу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД