"Бишкекжашылчарба" жарандарды сезондук жумушка чакырат

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы декабрь айына жумушчуларды чакырат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, жумушка 18 жаштан жогору эркектер чакырылат. Эмгек акы күнүнө 1 миң сомдон төлөнөт.

Иш графиги дүйшөмбү-жумада саат 8:00дөн 16:00гө чейин, ал эми ишемби күнү 8:00дөн 13:00гө чейин.

Муниципалитеттен белгилешкендей, бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылууга болот: (0500) 700-441, 37-53-30


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД