Бишкекте бир апта ичинде 64 мас айдоочу кармалды

Бир жуманын ичинде Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 3925 жол эрежесин бузуу аныкталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында шаар аймагында 2022-жылдын 25-ноябрынан 1-декабрына чейин 3 миң 925 эреже бузууларды аныкташты, алсак:

-мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 64;

-айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 15;

- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 35;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер тарабынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн-41;

– унаа каражаттарын каттоо тартибин бузгандыгы үчүн - 221;

- мотоцикл шлемин же коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузгандыгы үчүн - 488;

– башка бузуулар - 2593;

-унаа токтотуучу жайга коюлду – 689.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Сак жана боорукер болуңуз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД