
Ашууларда унаа жолдору ачык. Кызматкерлер жеринде күнү-түнү иш алып барууда. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда, Бишкек-Ош унаа жолдору, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашуулары, ошондой эле "Сосновка" жана "Арал" постунда эч кандай жол кыймылына чектөөлөр жок. Баардык унаа жолдору транспорт каражаттарынын кыймылдары үчүн ачык жана эч кандай аба ырайына байланыштуу чектөолөр жок.
Кээ бир каар калын жаап муз, катыгын жолдордо ( Чыйырчык , Кичи-Талдык, Аскалы, Тоң-Мурун ашууларында) тийиштүү кызматтар кол күрөктүн жана атайын техниканын жардамы менин жолдорго туз, кум өңдүү инерттик каражаттарды себүүдө.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн күнү-түнү жолдордо кызмат алып барууда.