Бишкекте милиция имамдар менен бирге элге жол эрежелерин түшүндүрүшүүдө

Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаардык казыят өкүлдөрү жана борбордогу мечит имамдары менен жол кыймылынын эрежелери боюнча алдын алуу маегин өткөрүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 6-декабрда Дордой базарында жайгашкан "Жанбото-Ата" мечитинде Бишкек шаарынын УПСМ кызматкерлери борбордун 67 мечитинин имамдары менен жол эрежелерин сактоо боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча кеңешме болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө башкармалыктын кызматкерлери, Бишкек шаардык казыят өкүлдөрү шаардын бардык мечиттеринде имамдар менен биргеликте Бишкек шаарынын жолдордун боюнда жайгашкан мечиттерде жана жол боюндагы мечиттердин айланаларында баш аламан калтырылган транспорт каражаттарын иретке келтирүү, жол кырсыктарын алдын алууга багытталган профилактикалык иштерди күчөтүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакыруу макулдашылды.

Биринчи кезекте, милиция кызматкерлери дин кызматкерлеринен транспорт каражатын башкарып жаткандардын баарына унаа токтотуу жана токтотуу эрежелерин эскертүүнү, ошондой эле мечитке келгенде унааларын дээрлик жолдун ортосунда калтырбоону. Мындан тышкары, инспекторлор намазга келгендерди жол кыймылынын башка катышуучуларына жана жалпы эле жолдогу кыймылга урмат-сый менен мамиле кылууну эскертүүнү суранышты.

Жол кыймылынын коопсуздугу эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналат жана аны чечүүгө руханий өкүлдөр да активдүү кошулуп көзомөлгө алуу эң маанилүү экени айтылды.

Белгилей кетсек, аталган кеңешмеде жол кырсыктарын алдын алуу боюнча биргеликте иш алып баруу, жума күндөрү мечиттердин айланаларына ирети жок токтоткон айдоочуларга түшүндүрүү менен жол тыгынын болтурбоо маселелери да талкууланды.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери баардык жол кыймылынын катышуучуларына кайрылат: Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Боорукер болуңуз жана сак болуңуз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД