Вакансия. Кайгуул милициясы кадрлар резервин түзүүгө конкурс жарыялады

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кенже жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүгө конкурс жарыялайт.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, конкурска Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарында иштөө жана кызмат өтөө үчүн шарттарга жана квалификациялык талаптарга жооп берген 19 жаштан кем эмес Кыргыз Республикасынын жарандары конкурска катышууга укуктуу.

Негизги квалификациялык талаптар:

- 19 жаштан жаш эмес жана 30 жаштан улуу эмес;

- жогорку, орто юридикалык же кесиптик (жол кыймылы чөйрөсүндө) билиминин болушу;

- А, А1, В, В1, С, С1, (D, D1 категориялары болсо жакшы болот) категориялары бар айдоочулук күбөлүктүн болушу;

Сынакка катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

- жеке арыз;

- кадрларды эсепке алуу баракчасы/анкетасы;

- автобиография, 2 нуска (өз алдынча жазылган жана басылган);

- автобиографиялык эссе;

- тиешелүү билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү, ошондой эле окуунун жүрүшүндө алынган баалары бар документтерге тиркемелер (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (кызматка биринчи жолу кирген жарандарды кошпогондо), нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн;

- тиешелүү билимин, квалификациясын же атайын билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү, ошондой эле окуунун жүрүшүндө алынган баалары бар документтерге тиркемелер (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (кызматка биринчи жолу кирген жарандарды кошпогондо), нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн;

- аскердик билеттин көчүрмөсү (эркек жарандар үчүн) (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);

- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

- балдардын туулгандыгы (бар болсо) жана никеси (никеси болсо) тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;

- укук коргоо органында кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын медициналык корутундусу;

- үчтөн кем эмес сунуштама каты;

-сүрөттөр 9⨯12 (1 даана) жана 3⨯4 (4 даана).

Сынакка катышуу үчүн документтер 2022-жылдын 5-декабрынан 22-декабрына чейин Бишкек ш., Ч.Валиханов көч., 1А, уландысы дареги боюнча кабыл алынат. жумушчу топтун телефондору (0312) 631275, колл-борбор (0312) 630900, (0312) 630901.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД