Жыл башынан бери мамлекеттик карызды тейлөөгө 30,6 млрд сом бөлүндү

2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын ички жана тышкы карызын тейлөөгө жалпысынан 30 млрд 640,8 млн сом бөлүндү.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, ички карыз үчүн 10 млрд 6,7 млн сом, ал эми мамлекеттик тышкы карыз үчүн 20 млрд 634,1 млн сом бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы 434 млрд 437,12 млн сомду (5,2 млн доллар) түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД