Кадамжайда Өзбекстандын жаранынын автоунаасы жарылып кеткен

Кадамжай районунда Өзбекстандын жаранынын автоунаасы жарылып кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 6-декабрь күнү саат 10.00 чамасында Өзбекстандын жараны "Деу-Ласети" үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, Риштан-Сох автожолунун 16-километринде, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда, унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен.

Жарылган унаада жалпысынан Өзбекстандын 4 жараны болгон, жабыркагандар болгон эмес.

Бул факты Кадамжай районунун РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД