Баткенде жол сакчылары окуучуларга жолдо жүрүү эрежелерин түшүндүрүштү

Баткенде жол сакчылары окуучулар менен жолугушуп, жолдо жүрүү эрежелерин түшүндүрүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан Кадамжай районундагы мектеп окуучуларына "Коопсуз жол" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Анын алкагында жолдо жүрүү эрежелерин талкуулоо боюнча ачык сааттар уюштурулуп, Жол кыймылынын эрежелерин сактоо, жолдо жүрүүдөгү коопсуздук чаралары боюнча кенен түшүндүрмө берилди. Окуучулар да бул иш-чарага активдүү катышышып, жол сакчыларына кызыккан суроолорун беришти.

Андан сырткары билим алып жаткан башталгыч класстардын окуучуларына жолдо жүрүү эрежелерин сактоого үйрөтүү боюнча сабактар өтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД