
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында ар түркүн мөмө-жемиштерден кыям жана шире, ошондой эле кой жүнүнөн ар кандай сувенирлерди чыгарган чакан ишкана ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишкана "бир айыл, бир продукт" долбоорунун алкагында Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан ишке киргизилди.
Учурда ишкана өндүргөн продуктулар жана Каракол шаарына жакынкы райондордун тургундары тарабынан жасалган продуктулар, сувенирлер JICA тарабынан уюштурулган Каракол шаарындагы атайын дүкөндө сатылууда.
Күн мурун, 6-декабрда Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетов аталган ишканага барып, учурда жүрүп жаткан иштер менен таанышты. Анда облус жетекчиси ишкананын дагы кеңейишине колдоо көрсөтөрүн белгиледи.