1.5 млн сом алдап кеткен. Ошто алдамчылыкка шектүү кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүлөрү издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдамчылыкка шектелип кармалган жаран Ош шаарынын Амир-Темур кичи шаарчасынын тургуну, 1983-жылы туулган А.О.

"Бир нече адамга чет өлкөдөн унаа жана үй салууга жер алып берүүнү убадалап, ири суммадагы акчаларын алып, алдап кеткен. Анын үстүнөн жалпы 8 адам арыз жазган. Алардын ичинен бешөөнө унаа убадаласа, 3 жаранга жер убадалаган. Алардан 5 миӊден 8 миӊ долларга чейин акча алган. Жарандарга келтирген чыгым 1,5 млн сомдон ашуун сумманы түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Милициядан билдиргендей, бүгүнкү күндө бул жаран башка жарандардын унааларын ижарага алып сатып жибергендиги тууралуу дагы маалыматтар аныкталууда. Шектүү 5-декабрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ош ШИИБ аталган жарандан жабыркагандарды 0553-01-70-17, 0222-6-64-12 номерлери аркылуу байланышып коюуга чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД