Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногуна 59,5 млн доллар сатты

Улуттук банк кечээ, 6-декабрда интервенция жасап, валюта базарына 59,5 миллион доллар сатты. Бул тууралуу башкы каржы мекемесинин сайтында айтылат.

Маалыматта интервенция долларга болгон суроо-талапты канааттандыруу үчүн жасалганы айтылат.

Маалыматка ылайык, 1 млн доллар келишим түзүлгөн күнү сатылды, калган 58,5 млн долларды коммерциялык банктар кийинчерээк алат.

Жыл башынан бери Улуттук банк 14 интервенция жасады. Анын жетисинде банк валюта базарынан жалпы 190 млн 740 миң доллар сатып алган. Доллар сатуу боюнча дагы жети интервенция жасалып, жалпы 332 млн 350 миң доллар сатылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД