Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү

Баткенде 1-6-декабрь күндөрү кыргыз-тажик чек араларын делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө узундугу 17,66 чакырым чек ара сызыгынын долбоордук жазуусу аткарылып, 2023-жылга карата жолугушуунун план-графиги макулдашылган.

Тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстанда өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД