"Бишкекжашылчарбанын" кызматкерлери атайын техника менен парад уюштурат

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жаңы жылдык майрамга карата атайын техниканын парады менен шаардыктардын көңүлүн көтөрүүнү чечти.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жашылдандыруучулар күн сайын шаардын кызматындагы 3 атайын техниканы кооздошту.

"Параддын негизги каармандары селди жана ирригацияларды тазалоочу атайын техникасы, МТЗ Беларусь 2112 трактору жана "ГАЗ" 51 автомунарасы болду", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД