
Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өткөн майыптардын эл аралык күнү (Бул дата 1992-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы үзгүлтүксүз ишке ашырып жаткан кайрымдуулук миссияларынын кезектеги этабы болуп калды.
Мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерди колдоо иш-аракеттери менен ЖАКнын кызматкерлери жакшы үлгү гана көрсөтпөстөн, ошону менен бүтүндөй коомду муктаж болгон адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга, алардын камкордукка жана интеграцияга болгон укуктарын камсыз кылууга чакырат.
Дээрлик бардык ЖАКнын мекемелери кайрымдуулук менен алектенип келишет. Биз сүрөттөр менен коштолгон бир нече мисалдарды келтиребиз.
Кайтаруу жана күзөтүү департаменти.
ДОКтун өздүк көркөм чыгармачылык тобу концерттик программа менен Бишкектин улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык-стационардык мекемесине барышты.
Иш чарага КРнын Эл артисти, белгилүү обончу Курмангазы Азыкбаев, эстрада артисттери Адилет Жуманов, Толкун Орозалиев, ошондой эле С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайынын студенттери катышты.
Чүй облусунун Панфилов районундагы №14 - мекеме.
Аталган тарбиялоо мекесинин кызматкерлери жетекчиликтин демилгеси менен Бухара, Вознесеновка, ошондой эле Кайыңды айылдарында жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга азык-түлүк жана башка керектүү тиричилик буюмдарын үйлөрүнө жеткирип беришти.
Чүй районунун Беловодское айылындагы №16 - түзөтүү мекемеси.
Аталган түзөтүү мекемесинин активисттери Беловодское айылында жайгашкан балдардын психоневрологиялык социалдык стационарындагы майып балдарга материалдык жана моралдык жардам көрсөтүштү. Бул үчүн мектеп-интернаттын жетекчилиги Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирди.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №23 - мекеме.
СИЗОнун кызматкерлери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк, жана жуучу каражаттарды сатып алып, гуманитардык жардам көрсөтүштү.
Чүй областынын Молдовановка айылындагы №26 - мекеме.
№26 - жатак абагынын кызматкерлери "Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборунун мугалимдери жана тарбиялануучулары менен кайрымдуулук жолугушуусун өткөрүштү. Анда окуучуларга канцелярдык буюмдарды жана жуучу каражаттарды тартуулашты. Бул жолугушууга кубанган РДКнын тарбиялануучулары концерт көрсөтштү. Ошондой эле, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген адистердин маанилүүлүгүн эске алып, №26 - мекеменин жетекчиси, и/к майору К.М.Рымбековдун буйругу менен Үмүт-Надежда мектебинин мугалимдери Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Чүй районунун Молдовановка айылындагы №27 - мекеме.
Бул мекеменин кызматкерлери кайрымдуулук фонддорунун бири менен биргеликте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын ата-энелери үчүн чоң кайрымдуулук майрамын уюштуруп, аларга гуманитардык жардамдардын топтомун тапшырышты. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялоодо, алардын руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүүдө талыкпай эмгектенип жаткан социалдык мекемелердин кызматкерлерине өзгөчө ыраазычылыктар айтылды.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы №44 - мекеме.
Аталган мекеменин ардагери – Усупкожоев Абылбек Калыковичти эскерүү үчүн мекеменин жетекчилиги анын кесиптештерин, жакындарын, досторун жалпы досторханга чогултуп, анда эскерүү дубасы окулуп, андан соң эскерүү чайын уюштурушту.