
ЖККББнын үгүт насаат бөлүмү тарабынан коопсуздук үчүн, эскертүү барактары таратылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ИИМдин ЖКККББнын үгүт насаат бөлүмү тарабынан коопсуздук үчүн, мамлекеттик мекемелерге (акимиат, университет, ж.б. имараттарга), унаалардын май куйуучу жайларына жана үстү жабык соода сатык борборлордун ("Глобус" "Народный", "Фрунзе") кире бериш жерлерине атайын чылым чегүүгө болбостугун эскерткен эскертме баракчаларды чаптап, таратышты.
Андан сырткары ЖККББнын үгүт насаат бөлүмү тарабынан айрыкча унаага газ толтуруучу жайда эмгектенген кызматкерге эскертүү бакатарын берүү менен, чылым чегүү же аны түтөтүү коопсуздукка чоң коркунуч алып келерин белгилеп, жада калса белгиленген жайларда чылым чеккендиги үчүн, жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында да каралгандыгын эскертишти.