Баткендин чек арага чектешкен аймактарында милиция эл менен жолугушууда

Баткендин чек арага чектешкен аймактарында милиция кызматкерлери элдер менен жолугушууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун чек арага чектешкен аймактарында жашаган жергиликтүү тургундарга Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, айрыкча чек ара аймактарында жашаган тургундардын мал-жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо жагы эскертилди.

Эгерде коомго терс көрүнүштөр болсо, өз алдынча аракет кылбай, тез арада милицияга кабар берүүсү мыйзамдуу экендигин белгилешти.

Чек ара аймактарында Баткен облусундагы ИИОнун кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында күнү-түнү кайгуулдарды уюштурган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД