
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы оор жана кооптуу жүктөрдү ташуучу унаалардын айдоочуларына кайрылды.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 8-9-10-декабрь күндөрү өлкөбүздө өтүүчү мамлекеттик маанидеги иш-чаралар учурунда, айрыкча чет өлкөдөн келген делегацияларды коштоп жүрүү маалында, борбордук жолдордо маал-маалы менен чектөөлөр болуп тураарын эске алып, оор жана өзгөчө кооптуу жүктөрдү ташыган чоң унааларын айдоочулар убактылуу айдабай, токтотуп турууну өтүнөбүз.
Айрыкча, Бишкек-Балыкчы унаа жолдорундагы, "Манас" Эл аралык аэропортунан тартып, Бишкек шаарына чейинки көчөдө жана шаар ичиндеги оор жана кооптуу жүктөрдү ташуучу унаалар убактылуу транспорт каражаттарын токтотуп тургандыгы оң.
"Ошондой эле жол жээктерине себепсиз транспорт каражаттарын токтотпоого жана аргасыз болгон учурларда сөзсүз уюлдук телефондорун автоунаанын алдыңкы терезесине жазып калтырып кетүүнү өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму өтөт. ЖЕЭК жыйынынын алкагында бир катар иш-чаралар пландаштырылып, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлөт.