Ниязбеков ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту

Ички иштер министри ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинде ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Роговдун жолугушуусу болуп өттү.

Ошондой эле иш-чарага ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин кызматкерлери катышып, ушул жылдагы кызматташуу маселелери менен жакынкы арадагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков белгилегендей, милициянын калкка жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жаатында кызматташуунун мисалдарынын бири республиканын аймактарында милициянын көчмө кабылдамаларынын иштеши болуп саналат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөдөгү коопсуздукту чыңдоо жана кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүү максатында мындан ары да тыгыз жана жемиштүү кызматташууну улантышарын билдиришти.

Жолугушуу иштиктүү жана достук маанайда өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД