
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев ЕАЭБ мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келбейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, анын ордуна аталган өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов келет.
КР Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, Өзбекстандын президентинин сапарынын мөөнөтү гана жылдырылды. Визит 2022-жылдын аягына чейин ЖЕЭК жыйынынан өзүнчө өтөт.
Эске салсак, буга чейин Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга 10-декабрда келери айтылган болчу.
Эртең, 9-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.