
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын Башкы прокуратурага суракка чакыруунун жагдайларын иликтөө боюнча жумушчу топ түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламент жыйынында билдирди.
"Буга чейин депутат Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовго карата Башкы прокуратура тарабынан басым болгону айтылган. Ошол кайрылуулардын негизинде президент жумушчу топ түздү. Жумушчу топко бир апталык убакыт берилди", - деди ал.
Эскерте кетсек, 30-ноябрда депутат Атазов суракка алуу үчүн Башкы прокуратурага барган. Ошондой эле депутат Токторбаев да Башкы прокуратурага сурак берүү үчүн барганы маалым болгон. Эки депутат тең мурда ЖКда жарыяланган маалымат боюнча чакырылганын көзөмөл органынан түшүндүрүштү.