Борбор калаада кайгуул милициясы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өтүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери, декабрь айынын 8-күнүнөн 10-күнүнө Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) өтүшүүгө байланыштуу кызмат өтөө тартибинин күчөтүлгөн режимине өтүштү.

Коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан 500дөн ашык кызматкери тартылган.

Кортеждер өтүүдө гана унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр төмөнкү жолдордо киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат:

- "Манас" аэропортунан баштап Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;

- Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин;

- Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектисинен Мамлекеттик резиденцияга чейин;

- Мамлекеттик резиденциядан Д.Садырбаев көчөсү менен "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;

"Урматтуу шаардын жашоочулары жана коноктору!

Иш-чаранын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Жол тыгындарды болтурбоо үчүн жолдо жүрүү эрежелерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоону, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбоону суранабыз.

Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка аймактарына учуп кетүүчү жарандарды "Манас" аэропортуна алдын ала келүүсүн суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу, жол кыймылынын катышуучулары көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууларына ишеним артат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД