Бишкекте Хонда Фит унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп алган

Бишкекте оң рулдуу автоунаа жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 2022-жылдын 6-декабрында болжол менен саат 18:00 чамасында оң рулдуу Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаа Ажыбек Баатыр көчөсү менен күн батыш тарапка бара жатып, Жунусалиев көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

Натыйжада 1956-жылы туулган Н. В. аттуу жөө жүргүнчү жабыркап, 5-шаардык ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД