
ЖАКнын кызматкерлеринин, соттолгондордун балдарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга "Супер жылдыз" шоу көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз мамлекеттик циркинде 2 сааттан ашык созулган "Супер жылдыз" эл аралык шоусу болуп өттү.
А.Изибаев атындагы мамлекеттик циркинде көрүүчүлөр үчүн эң сонун жарык эффекттери менен чоң оюн-зоок программасы даярдалды. Балдар жип жана лентадагы абада ойногон гимнасттарды, жаныбарларды үйрөтүүчүлөрдүн жаркын жана түстүү оюнун көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Артисттердин оюнунун ортосунда аренага клоун чыгып, ал балдарды күлкүлүү номерлер, тамашалар менен кубандырды. Ошондой эле балдарды өз оюнуна тартып кызыктуу оюн көрсөттү. Көрүүчүлөр өзгөчө экстремалдык номерге суктанышты, мында күчтүү адам чынжырларды айрып, жол тандабасты толугу менен сүйрөп, мойнунун булчуңдары менен арматураларды бүгүштү. Программада ошондой эле жомоктогудай самын көбүгү жана от шоу программалары камтылган.
Бул спектаклге 180ден ашык билетти ЖАКнын кызматкерлери сатып алышкан, 50дөн ашык жаш көрүүчүлөр көрсөтүүнү бекер көрүштү - булар каза болгон кызматкерлеринин балдары, майыптардын балдары жана соттолгондордун балдары.
Программанын өзү ЖАКнын тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер бөлүмү жана эл аралык "Супер жылдыз" циркинин продюсери Ганиева Н.А. менен биргеликте уюштурулду.