"Кумтөрдүн" ишмердигин текшере турган депутаттык комиссиянын курамы өзгөрдү

Кечээ, 8-декабрда, Жогорку Кеңештин депутаттары "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын ишмердиги боюнча депутаттык комиссиянын жаңы курамын бекитти.

Жаңы курамга депутаттар Балбак Түлөбаев ("Ынтымак" фракциясы), Надира Нарматова ("Ата журт Кыргызстан"), Нилуфар Алимжанова ("Альянс"), "Арсланбек Малиев ("Элдик"), Исхак Масалиев ("Бүтүн Кыргызстан") жана Карим Ханжеза ("Мекенчил" фракциясы) кирди.

Кыргызстандан алтынды башка мамлекеттерге чыгарып кетүүнүн чоо-жайын текшерүү үчүн мурда депутаттык комиссия түзүлгөн.

Мурдагы комиссиянын курамына депутаттар Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Нурланбек Шакиев, Нилуфар Алимжанова, Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Надира Нарматова, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Максат Сарыбагышев, Арсланбек Малиев, Шайлообек Атазов кирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД