Кара-Кечеден көмүр чыгарып кеткен УКТ мүчөлөрү кармалды

Нарын облусунун Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 7-декабрда УКМК жана Нарын облусунун ИИБ менен биргеликте "Кыргыз-Көмүр" МИнын Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде эл үчүн жеңилдетилген арзан баада аныкталган №24 бөлүмдөн, "Саяк" каймана аты бар К.М. жана "Мики Чор" каймана аты бар Ж.М. аттуу Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды.

Эскерте кетсек, буга чейин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде өлкө жетекчилиги Кара-Кече көмүр кенинин №24 профилдик участогун эл үчүн тоннасына 4 миң сомдон арзан баада аныктаган.

Ошентип, К.М. жана Ж.М. 2022-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү "Кара-Кече" филиалынын кызматкерлерине күч колдонобуз деп коркутуп, жеке баюу максатында ал жерден өзүм билемдик менен көмүр ташып кетишкен.

Учурда кармалгандар Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД