Кыргызстан Азербайжанга 100 баш топоз берди

КР Айыл чарба министрлиги Азербайжанга 100 баш топоз жөнөттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, топоздор КР президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрелинде Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 1-январына карата республикадагы топоздордун жалпы саны 53,9 миң башты түзгөн.

2022-жылы 5 топоз чарбасы КР Айыл чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн асыл тукум чарба статусун ыйгаруу максатында чарба жүргүзүүчү субъекттерди аттестациялоо жана кайра аттестациялоодон өткөн. Бул чарбаларда 1543 баш асыл тукум топоз катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД