
Кадамжайда милиция кызматкерлери айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоону эскертишти. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы 2022-жылдын 9-декабрь күнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу автобекеттерде айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Кадамжай районунун айрым бир аймактары кыш мезгилинде коюу туман каптап, жолдор тайгалак болуп айдоочуларга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратат. Жол четине коюлган жол белгилерге баш ийбеген айдоочулар, ылдамдыкты ашырып, жол кырсыгына кабылган фактылар жок эмес.
Акыркы 10 күн аралыгында Кадамжай районунун аймагында 6 жол кырсыгы катталып, милициянын көчмө кабылдамасына 26 атуул ар түрдүү арыздар менен кайрылган.