
Бишкекте мектеп окуучулары эки күн онлайн окуй турган болушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Мындай чара Бишкекте өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына карата жолдордун маал-маалы менен жабылышына байланыштуу экендиги айтылат.
"Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 9-10-декабрь күндөрү онлайн окуу уюштурулат. Мектеп директорлоруна бул чечим тууралуу ата-энелерге кабар берүү милдети коюлган", - деп айтылат маалыматта.