
8-декабрь Кыргыз Республикасынын телерадиосунун түзүлгөнүнө карата Талас маалымат майданында жигердүү эмгектенген кызматкерлерди Талас ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис жана орун басары милициянын полковниги Калыков Канатбек куттуктады. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Талас ТВ телеканалынын жалпы жамаатына ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн кеңири жана айкын чагылдырууда, коомдогу укук маданиятын жогорку деңгээлге көтөрүүдө терең кызматташтыктары үчүн ыраазычылык билдиришти.
Асанов Марлис: "2022-жылы статистика боюнча Талас облусунда кылмыштын саны азайып, кылмыштуулуктун бетин ачуу боюнча дагы бир кыйла жогорку көрсөткүчтөргө жетиштик. Жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар бир коомдо коркунуч жараткан факторлорду болтурбоо максатында бир топ иштер алынып барылды. Ал багытта сиздер менен биргеликте чара көрүүдөбүз. Манас атанын жети осуятын ээрчип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ынтымакта иштешүүдөбүз", -деди өз сөзүндө.
Талас ТВ телеканалынын башкы редактору Бегайым Асымбаева, улук редактору Рахат Бейшалиева, эфир боюнча техник Эркинай Джумабекова, телеоператор Мелис Элебесовдорго КРнын ИИМдин "Кыргыз милициясына 95 жыл" юбилейлик медалы жана Ардак грамоталары тапшырылды.