Жалал-Абад облусунда күйүүчү май сатуучу жайлар текшерилди

Жалал-Абад облусунун аймагында күйүүчү май сатуучу жайлар өрт коопсуздугун алдын алуу максатында текшерилип, түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ар бир каттоодо турган май куюу жайларындагы баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттардын жарактуулугу жана жараксыздыгы тыкыр көзөмөлгө алынып, ишкерлерге эскертме нускамалар берилди.

Белгилей кетсек, облус аймагында 180ге жакын күйүүчү май сатуучу жай бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД