Өспүрүмдөр үчүн жарык чагылдырылуучу каражаттар таратылды

Өспүрүмдөр үчүн жарык чагылдырылуучу каражаттар таратылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 100 метр аралыкта байкалат.

КР ИИИМдин ЖКККББнын үгүт насаат бөлүмүнүн кызматкерлери, жаш-өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында, күчөтүлгөн тартипте үгүт насаат иштерин жүргүзүп башташты.

Азыркы учурда таң эрте жана кеч куруун караңгы болгондуктан, аба-ырайынын кескин өзгөрүүлөрү, айдоочуларга тоскоолдук жаралышынын себебинен жол кырсыктарынын көбөйүүсү кооптондурууда. Айрыкча мектепке бараткан жана мектептен кайткан учурда окуучулар жол кырсыгына кабылбашы үчүн, жарык чагылдыруучу атайын каражаттар таркатылып берилиди. Бул жарык чагылдыруучу каражаттар, окуучулар жолдон өтүү учурунда айдоочуга 100 чакырымдан тарта коргозот. Ошол эле учурда балдарын жеткирип жана алып кетип жаткан эне-аталарга, балдардын коопсуздугун сактоо максатында коопсуздук курун, авто креслону колдонуу зарыл экендиги айтылып, атайын эскертме баракчалары таратылды.Мындай иш-чаралар Кыргызстандын баардык аймактарында өтмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД