"Ош" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштей баштады

"Ош" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта аба ырайы оңолуп, туруктуу абал орногонуна байланыштуу жылдырылган каттамдарды тейлөө процесси (кабыл алуу жана узатуу) кайра жандангандыгы айтылат.

Белгилей кетсек, буга чейин бүгүн, 9-декабрда 09:26дан баштап "Ош" эл аралык аэропортун коюу туман каптап жаткандыгы кабарланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД