Ысык-Атада жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Ысык Ата РИИБнүн ЖКККБнин кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан ары качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022 жылдын 3-декабрь күнү болжол менен саат 01:48 чамаларында Бишкек Нарын Торугарт ички унаа жолунун 24-чакырымынан белгисиз автоунаа күн чыгышты көздөй бара жатып, 1974-жылы туулган С.Д. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, жол кырсыгы болгон жерден белгисиз тарапка тарапка качып кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү денесинен алган жаракаттардан ошол жерден көз жумган.

Бул факты боюнча Ысык Ата РИИБнүн ЖКККБнүн издөө бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам иликтөө иштердин негизинде жол кырсыгына шектүү деп "МАЗДА 626" үлгүсүндөгү авто унаанын 1995-жылы туулган Г.А.А. атуу айдоочусун кармашып, Ысык Ата РИИБнүн тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, өткөрүп беришкен.

Азыркы учурда авто унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД