Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча ченемдик укуктук долбоорлор талкууланды

Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү жана уюштурууну жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талкууланды.

Жалал-Абад жана Ош шаарларында Муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү сунушталып жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоо боюнча жолугушуу өттү.

Талкууга Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы айыл өкмөт башчылары, муниципалдык ишкананын жетекчилери, жооптуу катчылары ж.б. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара 2 бөлүктү камтыды. Биринчи бөлүктө ЖӨБ Союзунун директорунун орун басары Данияр Айтбаев ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарына тиешелүү мыйзам актыларына жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү мыйзам актылары боюнча баяндама жасады.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун беренелерине киргизилген сунуштар айтылып, катышуучулар пикирлери менен алмашып талкуу жүргүзүштү.

Экинчи бөлүктө Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана көрсөтүү боюнча КР мыйзамдарына сунушталган өзгөртүүлөр жөнүндө ЖӨБ Союзунун адиси Назира Койчуманова айтып берди. Баяндама жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуучу мыйзам ченемдерин өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүндөгү мамлекеттик сатып алуулар боюнча Жобонун долбоорлорун камтыды.

Жолугуушунун аягында ЖӨБ Союзунун директорунун кеңешчиси Өмүрбек Алманбетов муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды катышуучулар менен талкуулап жана макулдашуу жүргүзүп, бардык сууроолорго жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД