
Кыргызстанда бир жумада, 5инен 11-декабрга чейин, COVID-19дун 10 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Алардын ичинен 2 бейтап - ооруканага жаткырылган, 8 - амбулатордук дарыланууда.
5нен 11-декабрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
2022-жылдын 11 ай 11 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 806 учуру катталды, анын ичинен
19796 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2010у (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.