Баткенде окуучуларга атайын жарык чагылдыруучу тасмалар таратылып берилди

Баткен шаарындагы окуучуларга атайын жарык чагылдыруучу тасмалар таратылып берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Leasing express" компаниясынын демөөрчүлүгү жана ЖКККББнын жетекчилигинин жардамы менен атайын жарык чагылдыруучу тасмалар Баткен шаарындагы окуучуларга таратылып берилди. Азыркы учурда таң эрте жана кеч курун караңгы болгондуктан, ошондой эле аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам айдоочулар үчүн тоскоолдуктар жаралып жатканын эске алуу менен мектепке бара жаткан жана мектептен кайткан учурда окуучулар жол кырсыгына кабылбашы үчүн жарык чагылдыруучу атайын каражаттар мектеп окуучуларына таратылып берилди. Бул жарык чагылдыруучу каражаттар окуучулар жолдон өтүү учурунда айдоочуга 50-100метр аралыкта көрүнөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД