Маданият жана искусство университетинин ректору кызматына сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректорунун кызматына сынак жарыялайт.

Министрликтен билдиришкендей, документтерди кабыл алуу 13-декабрда башталып, 26-декабрь саат 18:00гө чейин созулат.

ЖОЖдун ректору кызматына квалификациялык талаптар:

1) жогорку кесиптик билим;

2) окумуштуулук даражасынын жана окумуштуулук наамынын болушу (илимдин кандидаты/доктору, доцент);

3) илимий же илимий-педагогикалык иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес.

Эскерте кетсек, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов 8-декабрда 54 жаш курагында оорудан улам акка моюн сунган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД