Аламүдүн районунда 6 мектеп карантинге жабылды

Бүгүн, 13-декабрга карата Чүй облусунун Аламүдүн районунда 6 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.

Карантинге жабылган мектептер:

- Жогорку-Ала-Арча орто мектеби;

- Нижне-Ала-Арча орто мектеби;

- А.Айдаралиев атындагы Кайырма орто мектеби;

- Лебединовка №1 мектеп-гимназиясы;

- Лебединовка №2 мектеп-гимназиясы;

- Бердибеков атындагы орто мектеби.

Бул мектептерде сабакка келбеген окуучулардын саны 20 пайыздан ашты. Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны өсүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД