Аламүдүн районунда баңгизат таратууга шектелген жарандар кармалды

Аламүдүн районунда баңгизат таратууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй ОИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында синтетикалык баңги заттарды жашыруун жерлерде таратып жүргөн жарандар тууралуу маалымат түшкөн.

Чүй облусунун баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы алынган маалыматтын негизинде ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада 2002-жылы туулган Ж.Б., 2002-жылы туулган Ж.С., 2003 жылы туулган П.К., 2002-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар кармалган. Тинтүү учурунда алардын жанынан жалпы салмагы 775 граммды түзгөн 274 даана сары түстөгү полиэтилен капсулаларга таңгакталган порошок түрүндөгү заттар алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында атайын капсулалардагы зат синтетикалык баңгизат пара-метилэфедрон (мефедрон) болуп чыккан.

Бул факт Аламудун РИИБндө Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кылмышка шектүү болгон 2002-жылы туулган Ж.Б., 2002-жылы туулган Ж.С., 2003 жылы туулган П.К., 2002-жылы туулган Б.Б. Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы текшерүүгө алынып, тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД