Кыргызстанда 11 айда 323 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн

2022-жылдын январь-ноябрь айларында 323 млрд сомдук айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлгөн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 106,4% түздү.

2022-жылдын 10-ноябрына карата "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорунун алкагында коммерциялык банктар тарабынан республиканын 8 миң 231 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жалпы суммасы 4 млрд 642,1 млн сом жеңилдетилген насыялар берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД