Жаза аткаруу кызматында Самаркул Рыспаевдин 100 жылдыгы белгиленди

Жаза аткаруу кызматында Кыргызстандын пенитенциардык тутумунун негиздөөчүлөрүнүн бири Самаркул Рыспаевдин 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу ЖАКнын басма өз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Борбордук аппаратында 20 жылдан ашуун республикабыздын жаза аткаруу тармагын жетектеген полковник Самаркул Рыспаевге арналган эскерүү бурчу салтанаттуу түрдө ачылды.

Ага гүл коюу менен ЖАКнын жыйындар залында С.Рыспаевдин (1922-1999) туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болду.

Тарыхый-моралдык жана тарбиялык мааниси чоң иш-чарага аталган башкармалыктын жетекчилери, Жаза аткаруу тутумунун, Ички иштер жана Юстиция министрлигинин ардагерлери, Самаркул Рыспаевичтин кесиптештери жана анын жакындары катышты.

Трибунадан легендарлуу полковниктин Эскерүүлөрү жаңырып гана тим болбостон, кыйын учурда жана кырдаалда С.Рыспаевдин иш аракеттери талданды, ЖАКнын жаш кызматкерлерин Ата-Мекенге кызмат кылуунун үлгүсү катары чакырылды.

Анын өмүр баяны чындап эле татаал, көп кырдуу жана абдан кызыктуу болгон.

Жыйырма жыл бою республикабыздын пенитенциардык тармагын жетектеп, өркүндөткөн даңазалуу офицердин туулганына быйылкы күздө туура бир кылым болот.

Анын укмуштуудай өмүрү киносериалдардын сюжети да, коопсуздук жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жаңы мууну үчүн Ата Мекенге кызмат кылуунун татыктуу үлгүсү боло алат.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Ардагерлер кеңешинин жана анын башчысы, отставкадагы и/к полковниги Алибай Нишанбаевдин демилгеси менен Самаркул Рыспаевдин жаркын элесине арналган бир катар эскерүү иш-чаралары уюштурулууда.

Самаркул Рыспаевич 1922-жылы 27-ноябрда Чүй районунун Эпкин айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал курч акылы, баамчылдыгы, жакшы эс тутуму, эмгекчилдиги менен айырмаланган. Ал эми жаш кезинен эле жигердүү комсомол мүчөсү жергиликтүү бийликке колунан келишинче жардам берген: түнкүсүн айылда нөөмөттө болуп, рейддерге чыгып, тартипти кайтарган.

- Биздин адам! – деп бийлик чечип, Улуу Ата Мекендик согуш башталганда аны 10 кыргызстандык менен Москвага окууга жиберишкен.

Ал жерде СССР НКВДсынын Жогорку мектебинде чет элдик чалгындоо кызматына даярдашат. Алар, кыязы, Түркияга, фашисттик Германиянын ошол кездеги союздашынын лагерине же болбосо Иранды "өзгөртүү" үчүн жөнөтүлмөк.

Кийинчерээк биздин жердештерибиз аскердик цензор катары даярдалган.

Бирок геосаясий кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандын өкүлдөрү өз мекенине кайтып келишет.

Бул жерде Самаркул областтар аралык милиция мектебинин курсанты болот. Окуусун 1944-жылы ийгиликтүү аяктаган лейтенант наамын алган жаш тергөөчү практикадан кийин Тянь-Шань (азыркы Нарын) обласынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальнигине дайындалып, 1950-жылга чейин иштеген.

Ал жерде Рыспаев башында турган оперативдик топ кыска убакыттын ичинде көптөгөн чуулгандуу иштердин бетин ачууга жетишкен. Бул тоодогу жашыруун жолдор менен Анжиянга бир нече жылдар бою укум тукуму менен мал уурдап жүргөн топторду кармаган. Кочкор почтасынан 20 миң рублдан ашык акчаны уурдап кеткен кесипкөй сейфчилерди кылмыш үстүнөн кармашкан. Өздөрүн Москва циркинин гастролдук артисттери болуп тааныштырышкан уюшкан уурулардын ири тобунун бетин ачышкан.

Кандай гана шартта иштебесин С.Рыспаев тынымсыз жаңы билимге умтулган, 1949-жылы Алма-Атадагы атайын милициянын орто окуу жайын сырттан бүтүргөн.

Самаркул Рыспаевич 1950-жылдан 1955-жылга чейин Фрунзе шаарында иштеген.

Ал эми кийинчерээк ал оңолбос кылмышкерлер жөнүндө, алардын артында булгаары заводунун кампасына, Васильевский трактынын боюна катуу тинтүү, Пишпек автобазасынын кассасын карактоо, шаардык сойкуканалардагы кандуу кармашуулар жөнүндө айтып берген.

Ошондо каарманыбыз Ысык-Көл облусунун милициясынын начальниги болуп, ал жерде совхоздун апийим талаасында өстүрүлгөн апийимдин контрабандисттери менен активдүү күрөшүп, СССРдин бардык булуң-бурчунан келген кылмышкерлердин көңүлүн бурган. Баңги заты граммдап да, флягалап да уурдалган, пара алуу, ал тургай киши өлтүрүү жолу менен ишке ашырышкан.

1959-1960-жылдары С.Рыспаев борбор калаанын ички иштер бөлүмүн жетектеп, Кыргыз мамлекеттик университетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктап, юридикалык билими боюнча диплом алып, борбор шаардык кеңештин депутаты да болгон.

1960-жыл Самаркул Рыспаевич тин тагдырын үчүн өзгөчө жыл болгон. Ал Жаза өтөө жайларынын башкармалыгынын башчысы болуп дайындалып, кийин Ички иштер министрлигинин эмгек-түзөтүү мекемелеринин башкармалыгы болуп өзгөртүлүп, пенсияга чыкканга чейин ошол жерде иштеген.

Албетте, жаза аткаруу тутумунда ар кандай көйгөйлөр болгон. Бул абактан качуу, кылмыштуу лидерлер менен мекемелердин администрациясынын ортосундагы чыр-чатактар, мекемедеги тополоңдор, түрмөлөрдө күч колдонуу, соттолгондорго баңгизаттарды жана курал-жарактарды киргизүү аракети жана башка көптөгөн нерселер.

Эркиндиктен ажыратылган жайларда тартипти орнотуу максатында С.Рыспаев түп-тамырынан бери реформаларды жүргүзүү демилгесин көтөргөн. Соттолгондорду эмгек терапия ыкмасы менен кайра тарбиялоону баштаган.

Атайын контингентти иш менен камсыз кылуу биринчи милдет деп эсептеген .

Масштабдуу инфраструктураны жайгаштырды жана эмгек түзөтүү кмекемеси, жатак абагы, эмгек тарбиялоочу мекемеси, даарылап тарбиялоочу мекемелери масштабдук өнөр жай өндүрүшүн башташкан. Алардын өздөрүнүн кирпич заводдору, метал иштетүүчү заводу, айыл чарба продуктыларын өндүрүү жана башка көп нерселери анын ичинде конструктордук бюро да болгон. Соттолгондорду кесипке үйрөтүп эле тим болбостон кесипкөй билим да беришкен. Анын негизинде соттолгондор өздөрүнүн жеке эсебине жакшы айлык алып турушкан.

Дээрлик бардык эмгек түзөтүү мекемелери эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча профсоюздук кыймылдын принциптерин билгичтик менен пайдаланып, союздук республикалардын алдыңкы заводдору менен өз ара алака түзүшүп, өндүрүштүк пландарды ашыра аткарууга жетишкен.

Анын үстүнө Кыргызстандын пенитенциардык мекемелеринин жүздөгөн буюм-тайымдары СССРдин аймагында гана кадыр-баркка ээ болбостон, Түндүк Америкага, Европага, Африкага, Азияга да экспорттолгон.

Самаркул Рыспаевичтин жетекчилиги астында УИТУ пенитенционардык тутумдун керектөөсүн гана камсыз кылбастан, бүтүндөй республиканын экономикасын да көтөргөн. Эгерде алгач түзөтүү мекемелеринде чыгарылган дүң продукциянын көлөмү 3 миллион толук салмактуу советтик рублга жетсе, ал эми 1982-жылы 120 миллион болгон.

Ал эми режимдик объектилерди кайтаруу системасына келсек, С.Рыспаевдин өзүнүн эскерүүлөрү боюнча техникалык жактан жабдылышы боюнча СССРде биринчи орунда турган.

Рыспаевдин тушунда жаза аткаруу тутумунун мурунку структурасы толугу менен өзгөргөн. Колониялардын төрт түрү пайда болгон: жалпы, күчөтүлгөн, катуу жана өзгөчө. Тарбиялоонун отряд системасы ишке киргизилген.

Ошондой эле, С.Рыспаев кызматкерлерди социалдык жактан колдоого, туура түзүлгөн көп улуттук кадр саясатына чоң көңүл буруп, эмгек түзөтүү мекемелеринин кызматкерлеринде сергек климатты сактоого кам көргөн.

Оңдоо жолуна чындап түшкөн инсандарга талапты коюу менен адилеттүүлүктү айкалыштырган. Ошол эле учурда жаза өтөө жайларында ички тартипти жана режимди бузгандарды өз ордуна коюп, жаза аткаруу тутумунун бардык тармактарында тартипти катуу талап кылган. Ошондуктан ал кесиптештеринин арасында гана эмес, өзгөчө контингенттин арасында да чоң урматка ээ болгон.

Самаркул Рыспаевич көптөгөн жогорку мамлекеттик сыйлыктар, ордендер, медалдар, Ардак грамоталар менен татыктуу сыйланган.

Анын кол алдында көптөгөн офицерлер кызмат өтөшкөн, алар кийин ГУИН-ГСИН-СИНде жетекчилик кызматтарды ээлеген. С.Рыспаевдин жолун ИИМ системасында жана Жаза аткаруу тутумунда кызмат өтөгөн бир нече урпактары улантышкан. Айтмакчы, ал чоң үй-бүлөлүү болгон. Бактылуу жылдарды бирге өткөргөн жубайы Жуматай экөө эки уул, төрт кызды татыктуу тарбиялашкан.

Ардактуу эс алууга чыккандан кийин катуу ооруга чалдыкса да Самаркул Рыспаевич абдан жигердүү болгон. Тарыхый адабияттарды, басма сөздү үзгүлтүкө учуратпай окуган, комуз черткен, фольклорду сүйгөн, шахмат, футбол ойногон ар тараптуу адам болгон.

Ал сезимтал, чынчыл, боорукер инсан болгондуктан, элди ар дайым өзүнө тартып келген. Айрыкча ал кынтыксыз репутацияга ээ болгон офицер өлкөбүздүн Ички иштер министрлигинин ардагерлер кеңешинин мүчөсү болуп турганда мыйзамдуулукка жана тартипке кызмат кылуунун жандуу үлгүсү болгон.

Тилекке каршы, 1999-жылы 22-декабрда Самаркул Рыспаевич дүйнөдөн кайтты.

Ал узак, кыйын, бирок татыктуу өмүр сүрдү! Ал берген антына ар дайым ишенимдүү, жоопкерчиликти жогору сезип, өзүн толук кандуу ишке арнаган.

Сөзүнүн, ар-намысынын, парзынын адамы Самаркул Рыспаевич аны билгендердин эсинде, жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Анын ичинде ЖАКнын ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү да бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД