
Оң рулдуу "Хонда-Одиссей" үлгүсүндөгү авто унаа катышкан жол кырсыгынан 7 жаран жаракат алган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 12-декабрда болжол менен саат 17:10 чамасында оң рульдуу "Хонда-Одиссей" үлгүсүндөгү авто унаа "Бишкек-Нарын-Торугарт" унаа жолунун түштүккө карай башкарып бара жатып, 303-чакырымында рулга ээ боло албай, жол кырсыгына кабылган.
Жол кырсыгынын натыйжасында оң рулдуу "Хонда-Одиссей" улгүсундөгү авто унаадан 7 жаран жаракат алып, Нарын облустук ооруканага жеткирилген.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы оң рулдуу авто унаа башкаруу учурунда ашып өтүү, маневр жасоо эрежелерин так сактоого чакырат.