Сүлүктү шаарында пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынды

Сүлүктү шаарында дүкөндөрдүн ээлерине эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сүлүктү ШИИБдин милиция кызматкерлери жаңы жыл алдында шаар аймагындагы коопсуздукту сактоо, укук бузууларга жол бербөө максатында ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте соода түйүндөрүндө, базарларда, дүкөндөрдө сатуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Шаар аймагында пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынганын түшүндүрүп, 43 дүкөнгө эскерүү актыларын берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД