Кызыл-Кыяда милиция мал базарларды, эт саткан дүкөндөрдү текшерди

Кызыл-Кыя шаарындагы мал базарда милиция кызматкерлери элдер менен жолугушту. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы ветеринардык кызматтын кызматкерлери менен бирге Караван айылындагы мал базарга барып, эл менен жолугуп сатуудагы малдарды текшерүүдөн өткөрүштү. Мал базар көзөмөлдөнүп, базарга келген жарандарга мал уурулуктун алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышты.

Шаар аймагындагы базарлардагы эт саткан дүкөндөр көзөмөлдөнүп, уурдалган малдар аныкталган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД