
Бакай-Ата районунда жолдо болгон унаа кырсыктарынын саны азайды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бакай-Ата РИИБдин начальниги, милициянын полковниги Шайбеков Марат милициянын көчмө кабылдамасы менен Кызыл-Сай айылынын жол жээктеринде түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Аталган айыл Тараз-Талас-Суусамыр автожолуна жакын жана Бакай-Ата айылына барчу жолду камтыйт. Унаалардын кыймылы активдүү. Быйылкы жылы аталган райондо жол кырсыгынын саны 15 фактыга азайган. Былтыр 11 айда 35 катталса, быйылкы жылдын 11 айында 20 кырсык катталган.
Айылда мал ээлери кышкы тоют чөптөрүн үнөмдөө максатында бодо малдарын ээн талаага кароосуз чыгарып коюшат. Андай учурда малдар кырсыктардын же мал уурулук фактыларынын себеби болуп калышы мүмкүн. Жол кырсыктарын болтурбоо үчүн ошол тегеректе жашаган үй ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга жоопкерчиликтери жана милдеттери эскертилди.